Джош Макдауэлл Эд Стюарт СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУК ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду; Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган; Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз. ЭННДИН ОКУЯСЫ Бөлмөнүн сыртынан кадамдардын дабышын укканда, кичинекей кыз коркконунан кыймылдабай катып калды. Ал таенеси менен таятасынын үйүндөгү коноктор бөлмөсүндө жалгыз жаткан эле. Бирөөнүн басып келе жатканын укканда, ал керебеттин астына жашынып алсамбы деп ойлоду. Бирок эшик ачылганда, кеч болуп калганын түшүндү. Ал жуурканына чүмкөнүп, аны эч ким көрбөй каларынан үмүттөнүп жатты. Кыз анын бөлмөгө киргенин укту. — Коенегим, бул мен, таятаӊ, — деген шыбырды укту. — Таенеӊ катуу уктап калды, ошондуктан биз өзүбүздүн эч кимге айтпаган сырдуу оюнубузду ойной алабыз. Кыз ого бетер бүрүштү. Ал эч кимге көрүнбөгүдөй кичине болуп кетүүнү же таптакыр эле жок болуп кетүүнү каалап жатты. Ал таятасы менен «сырдуу оюнду» ойногонду жаман көрчү. Таятасынын анын денесин кармалаганы ушунчалык жагымсыз эле, бирок кыз эч кимге эч нерсе деп айта алчу эмес, себеби таятасы «бул — сыр, аны эч кимге айтпаш керек» деп койгон. Андан сырткары, эгерде ал бирөө жарымга бул тууралуу ооз ачса, анда ал өзү күнөөлүү болуп калам деп коркчу, себеби ал ушундай жаман нерсени жасап жатпайбы. Кыз бөлмөнүн эшиги жабылганын укту. — Коенегим, чык эми, — деп шыбырады таятасы. Таятасы төшөктүн ылдый жагында түйүнчөктү кармалай баштаганда, кыз ого бетер бүрүшө түштү. — Таята, бүгүн ойнобой эле коелучу, суранам, — деп жалдырап жатты кыз, таятасы жуурканды ача баштаганда. — Жок, коенум, биз бүгүн ойношубуз керек, — деди жагымсыз үн менен таятасы. Анын колдору шейшептин ичине кирип, кичинекей кыздын денесин кармалай баштады. Кыз колунун келишинче бүрүшүп жатты. — Жок, таята, антпечи! Жок, жок, таята, суранам!.. — Ойгон! — Энн бирөө аны түрткүлөп жатканын сезди. — Сага коркунучтуу түш кирип жаткан окшойт, Энн, ойгончу. — Ал угуп жаткан үн таятасыныкы эмес эле, Хэзердики экен. Хэзер аны жулкулдатып жатканда Энн ойгонуп кетти. Караӊгы экен. Энн жыйындын жайкы лагеринде, уктоочу каптын ичинде керебетте жатканын эстеди. Бөлмөнүн ичинде ал жана Хэзерден башка дагы төрт кыз бар эле. Ал жерде алар менен чогуу Джинни Шоу, алардын насаатчысы да бар болчу. Энн жеӊилдене үшкүрдү. Ал көргөн түшүндөгүдөй алты жашар кыз эмес, азыр ал он төрт жашта жана ал таятасы менен эмес, жаштар лагеринде достору менен болчу. Алар жайгашкан кичинкей үй тоонун арасында жайгашкан жана бөлмөнүн ичи салкын эле. Ошентсе да, коркунучтуу түшүнөн кийин, аны муздак тер басып, денеси титиреп, жүрөгү ушунчалык катуу соккондуктан, азыр эле сыртка ыргып кете тургандай болуп жатты. — Энн, сени менен баары жайындабы? — деп шыбырады Хэзер. — Сен түшүӊдө: «Жок, таята, жок!» деп, бир жериӊ ооруп жаткандай кыйкырып жаттыӊ. Караӊгыда Энн курбусунун бетин араӊ көрүп турду. — Баары жакшы, Хэзер, — деди ал. — Бул жөн эле коркунучтуу түш. Баары жакшы. — Таятаӊ сенин артыӊдан балта же дагы башка нерсени көтөрүп алып кууп жүргөндөй болуп, ушунчалык коркунучтуу кыйкырып жаттыӊ, — деди шыбыраган үн менен Хэзер, суроолорун улантып. — Сенин уйкуӊду бузганым үчүн кечир, — деди Энн сөздү башка нукка бурууга аракет жасап. — Башкаларды да ойготуп албадым бекен? — Коркпой эле кой, бардыгы өлүктөй уктап жатышат, — деди тынчтандыра Хэзер. Энн Кассиди Хэзер Уэллсти өзүнүн дүйнөдөгү эӊ жакын курбусу деп эсептечү. Хэзер ал үчүн бир туугандай болчу, дайыма ал үчүн кам көрүп, жардам берүүгө даяр эле. Алар бешинчи класста окуп жүргөн кезде, Эннди апасы машаякчылардын орто мектебине киргизгенде достошуп калышкан. Апасы Эннди бул мектепке алып келгенде, ал аябай таӊ калган болчу, себеби алардын үй-бүлөсүнөн эч ким жыйынга барчу эмес. Бирок жыйынтыгында бардыгы жакшы болду. Мектептин биринчи окуу жылында Энн эки адам менен таанышты. Кийин алар анын жашоосунда өтө маанилүү ролду ойношту. Башында ал бешинчи класста окуган Хэзер Уэллс менен достошту, андан кийин, жекшебилик чогулуштардын биринде, ал Ыйса Машаякка ишенип калды. Бул октябрь айында болгон, ошол күндө баштап ал ага бир туугандай болгон Хэзер менен чогуу, жекшемби күндөрү жыйынга бара баштады. — Сенин түшүӊө эмне кирди? — деп Хэзер тынчтана албай сурай берди. Энн анын суроосуна жооп берүүнү каалаган жок. Бул түштү ал буга чейин да көп көргөн. Бул түштөн кийин ал өзүн булгангандай жана туӊгуюкта калгандай сезчү. Бул жөн гана түштөр эмес эле — бул анын коркунучтуу эскерүүлөрү эле. — Маанилүү эч нерсе деле эмес. Кел уктайлы, — деп жооп берди Энн, бирок ал бир нерсени жашырып жатканын билип турду. — Сенде таятаӊ менен көйгөйүӊ барбы, Энни? Мен бул жөнүндө сыйынсам болобу? — деди Хэзер. Энн курбусун, анын дайыма сыйынууга даяр болгон сапаты үчүн абдан жакшы көрчү. — Таятам эки жыл мурда каза болгон, — деп жооп берди ал. — Ой, кечирип койчу, мен жөн гана ойлогон элем… — Хэзер эмне дээрин билбей калды. — Эч нерсе эмес, Хэзер, кел эми уктайлы. Эрте менен бизде сыйынуу чогулушу барбы? — Ооба, эрте мененки тамактан кийин болот. — Жакшы анда, бейпил түн. Сага рахмат, — деп шыбырады Энн. — Бейпил түн. Хэзер тез эле уктап калды, ал эми Энн эч эле уктай алган жок. «Хэзер, мен сага чындыкты айткан жокмун, — деп ичинен шыбырап жатты Энн. — Менде азыр таятам менен эч кандай көйгөйүм жок, ал өлүп калган. Бирок ал мени менен жасаган иштерин эч качан эч кимге айткан эмесмин. Мен ушунчалык уялганымдан, кимдир бирөөгө бул жөнүндө айтып берүүдөн корком. Анан дагы бул эскерүүлөрүмдөн эч эле кутула албай келем. Балким, бул жөнүндө экөөбүз чогуу сыйынсак жакшы болмок окшойт». Джинни Шоунун бөлмөсү үчүнчү күн катары менен тазалыгы мыкты болгону үчүн сыйлыкка ээ болгону жөнүндө эрте менен тамак учурунда жарыялашты. Хэзер Уэллс, адаттагыдай эле, эӊ катуу кол чабуулар менен, үнүн бийик чыгарып, баарын куттуктап жатты, ал эми Энн бардыгынын артында тынч карап турду. Көптөрү бул экөөнүн дос болгонуна ишене алышчу эмес, себеби алар бири-биринен ушунчалык айырмаланып турушчу. Хэзер эмоционалдык жактан ачык жана көӊүлдүү кыз эле. Энн болсо, тескерисинче, тынч жана жөнөкөй кыз. Анткен менен Хэзер курбусу Эннди эч качан жалгыз таштачу эмес.Энн аны ушул сапаты үчүн да жакшы көрүп, аны баалачу. Тамактан кийин Энн менен Хэзер сыйынуу чогулушуна келишти да, өздөрүнүн сүйүктүү дөӊгөчүнө отурушту. Алар Ыйык Жазууну ачардан мурда, Энн түнкү кыскача сүйлөшүүдөн кийин анын тынчын алган суроону көтөрдү. — Экөөбүз сыйынаар алдында, мен сенден кечирим сурагым келет, — деди Энн курбусуна кайрылып. — Эмне үчүн? — Хэзер башын көтөрүп аны кызыга карады. Энн онтойсуздана дөӊгөчтөн жылымыш этти, себеби бул тема жөнүндө сүйлөшүү ага оор болуп жатты. — Түндө мен сага таятам менен эч көйгөйүм жок деген элем. — Ооба. Анткени ал эки жыл мурда каза болгон да, туурабы? — Чынын айтсам, мен сага чындыкты айткан жокмун. — Анын каза болгондугу жөнүндөбү? — Жок. Көйгөйлөр жөнүндө. — Сенин таятаӊ менен көйгөйлөрүӊ бар беле? Ошол үчүн сен түндө коркунучтуу түш көрдүӊбү? Түнкү түшүн эстегенде, Энндин денеси муздай түштү. Ал башын ылдый салып, бутунун учу менен арчанын ийнелерин санап жатты. Акырында ал: — Мен бул жөнүндө эч кимге айткан эмесмин, ата-энеме да, — деди. Хэзер курбусунун колун кармады. Ал курбусу үчүн бул жөнүндө айтуу канчалык оор болуп жатканын көрүп турду. — Энни, коркпо, мен сени мененмин, — деп тынчтандырып жатты ал. — Сен кааласаӊ, мага бардыгын айтып берсеӊ болот. — Мунун баары мен төрт жашымда башталган. Ата-энем мени таятам менен таенемдин үйүнө жылына бир нече жолу дем алыш күндөрү алып барышчу. Таенем дүкөнгө кеткенде, же уктап жатканда, таятам… ал мени менен… туура эмес… нерселерди жасачу, — уялганынан Энндин көзүнөн жаш куюлуп, буркурап ыйлай баштады. — Ал… мени… кармалап… жана мени да… аны кармалашыма… мажбурлачу. Мени түшүнүп жатасыӊ да. Ал бул жөнүндө эч кимге айтпашым керектигин буйруган, ошондуктан мен эч кимге айткан эмесмин. Бирок ошондон бери мен дайыма коркунучтуу түштөрдү көрөм. Энн курбусунун далысына башын коюп алып, буркурап ыйлап жатты. Хэзер да аны кучактап алып, көзүнө жаш алды. — Энни, байкушум, — деди ал кайгыга толгон үн менен. — Сен ушундай жаман нерсени башыӊдан өткөргөнүӊ жөнүндө билген эмесмин. Бул абдан өкүнүчтүү. Бир нече мүнөт алар чогуу ыйлап отурушту. — Бул канчага чейин созулду эле? — деп сурады Хэзер, алар көздөрүн аарчыган кезде. — Үч жылга жакын, — деди Энн. — Андан кийин таятам ооруп калды. Ал карылар үйүндө жашап жүрчү, анан эки жыл мурда каза болду. Мен ата-энеме эч нерсе айткан эмесмин, анткени өзүмө көйгөй жаратып аламбы деп корктум. Мунун баарына өзүм күнөөлүмүн деп ойлочумун. — Энни, сен ал кезде кичинекей элеӊ да, — деп каршы болду Хэзер. — Мында сенин күнөөӊ жок, бардыгына таятаӊ күнөөлүү. Кичине балдар менен мындай нерселерди жасабаш керек да. — Анда эмнеге, мен болгон нерселер үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип жатам? Бир саамга Хэзер унчукпай туруп калды. Анан ал: — Мен сага эмне деп жооп беришти билбейм, бирок Джинни билет болушу керек? Джинни алардын лагердеги насаатчысы эле. Джинни Шоу жана анын күйөөсү Даг кыздар барган жыйындагы жаштар кызматын жетектешчү. Кыздар Джиннини өздөрүнүн ишенимдеги эжеси катары көрүшчү. — Мен мунун бардыгын Джинниге айтып бере аларыма көзүм жетпейт, — деди Энни кабагын салып. — Өзүӊдүн түштөрүӊ жөнүндө жана таятаӊ жөнүндө мага айтып бергениӊ үчүн ыраазымын. Мен сени менен болом жана сен үчүн сыйынам, — деди Хэзер курбусун кубаттап. — Бирок бул көйгөйдү чечүүдө Джинни менен кеӊешсек жакшыраак болот деп ойлойм. Биз чогуу аны менен сүйлөшөбүз. Энн селт эте түштү. Бирок Хэзер туура нерсени айтып жатканын сезип турду. Кыздар жыйындагы жаштар тобуна бара баштаган күндөн тарта, Джинни Шоу алар үчүн руханий күчтүн булагы боло алган. — Балким, анын убактысы жоктур, — деп акырын гана каршылык көрсөтүүгө аракет жасады Энн. — Сен аны менен сүйлөшкөнгө даяр экениӊди мага айтсаӊ эле болду. Калганын мен өзүм кылам, — деди Хэзер. Энн үчүн өзүнүн көптөн бери катып жүргөн сырын Хэзерге айтып берүү канчалык оор болгонуна карабастан, ал өзүн кыйла жеӊил сезе түштү. Хэзер аны угуп, аны менен чогуу ыйлагандыгы үчүн эле, аны басып турган оор жүктүн бир бөлүгүн алып салгандай болду. Ал эми Джинни менен сүйлөшүү аны мындан да жакшыраак сезе алуусуна жардам берсе, анда Энн муну жасай алат. — Макул, — деди ал. — Мен Джинни менен сүйлөшөм, бирок сен мени менен барсаӊ гана. Хэзер жылуу жылмайды. — Албетте! Биз доспуз го. Хэзер түшкү тамактан кийинки бош убакытта Джинниден жолугушуу жөнүндө сурады, ал макул болду. Башкалар ат минип көӊүл ачып жүргөн кезде, алар кичинкей үйдө жолугушту. Хэзер курбусунун колун бекем кармап отурган кезде, Энн Джинниге өзүнүн түнкү коркунучтарынын себеби болгон өзүнүн башынан өткөн окуяларды айтып жатты. Джинни ага көптөгөн суроолорду берди, бирок жийиркеничтүү окуянын майда — чүйдөсүнө чейин айтуусун талап кылган жок. Энн көз жашын токтото албай, окуянын бардыгын айтып жатты жана Джинни менен Хэзер аны колдоп турушту. — Эч нерсе эмес, Энн, ыйлап ал. Сен бугуӊду чыгарышыӊ керек. Биз сени мененбиз, — деп сооротуп жатты Джинни. Хэзер менен Джинни да көздөрүнө жаш алды. Алар эс ала түшкөндө Джинни: — Сенин таятаӊ менен ойногон «сырдуу оюндун» аталышы бар. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнүп жатасыӊбы, Энни? — деп сурады. Джинни эмнени айткысы келип жатканын Энн билди. Бирок бул ушунчалык жийиркеничтүү жана жаман нерсе болгондуктан, ал эмне деп айтышты билбей турду. — Анда, таятаӊ сени менен жасаган иштин аталышы кандай экендигин мага айтчы, — деди Джинни. Энн үчүн бул сөздөр тыюу салынган — сөгүнгөн уят сөзгө окшош болгондой сезилип жаткандыктан, ал бул сөздөрдү айткысы келген жок. Бирок Джиннинин жумшак түрткүсү менен ал: — Таятам… мага сексуалдык зомбулук жасаган. — Туура айтасыӊ, Энн, — деп анын сөзүн ырастады Джинни. — Муну сен өзүӊ түшүнгөнүӊ маанилүү. Сенин ата-энеӊ, таенеӊ менен таятаӊ жана башка чоӊдор сен үчүн кам көрүп, сени коргошу керек. Таятаӊ башка убакта сага канчалык кам көрүп, боорукер көрүнгөнүнө карабастан, анын жеке канааттануусу үчүн сени менен жасаган иши — сексуалдык зомбулук экени анык. Ал эми мындай иштер — кылмыш деп аталат. Энн, эгерде сенин таятаӊ азыр тирүү болуп, дагы деле сени менен ушул ишти жасап жаткан болсо, анда мен полиция чакырып же балдардын укугун коргоочу агентствого арыз менен кайрылууга мажбур болмокмун. Бул өтө олуттуу иш. — Бирок мында менин да кандайдыр бир күнөөм бар да, — деди Энн, көз жашын кармап. — Таятам менин өтө эле татынакай экенимди айтчу. Джинни акырын гана башын чайкап: — Мында сенин эч кандай күнөөӊ жок, Энн. Ал сага эмне деп айтса да, сен өзүӊдү кандай сезип жатсаӊ да, бул сенин күнөөӊ эмес, — деди. Джиннинин сөздөрүнөн кийин Энн эркиндикке чыккандай болду, анын жонунан өтө чоӊ жүктүн түшкөнү сезилди. — Бул менин күнөөм эмес, — деп кайталады ал. — Туптуура, — деди Джинни жылмая. — Ушунун бардыгын азыр айтып бергендигиӊ үчүн, сенин эр жүрөктүүлүгүӊ үчүн мен сени менен сыймыктанып жатам. Жана ушундай коркунучтуу жарааттардан айыгууӊа сага жардам бергим келет. — Айыгуу? — деп таӊ калды Энн. — Бирок мунун бардыгы болгонуна көп убакыт өтүп кетти да! — Мен азыр сага бардыгын түшүндүрүп берем, — деди Джинни. — Мисалы, сен колуӊду сындырып алдыӊ дейли, бирок бул тууралуу эч кимге айткан жоксуӊ жана доктурга да барган жоксуӊ. Эмне болот? — Мм, колум айыгып калмак, бирок кыйшык болуп бүтмөк, — деп ой жүгүрттү Энн. — А балким, таптакыр айыкмак эместир… — Туура, — деди Джинни. — Сени менен да ушуга окшош нерсе болгон. Сен бала кезиӊде, таятаӊдын сага карата сексуалдык зомбулугунан эмоционалдык травма алгансыӊ. Балким, убакыт өткөн сайын сен кандайдыр бир жарааттарыӊдан айыккандырсыӊ. Бирок азыр Кудай сени сүйгөн адамдардын жардамы менен, сенин айыга элек жана сени кыйнап жаткан жарааттарыӊдан толугу менен айыктырууну каалайт. — Эми мен түшүндүм, — деди Энн. — Мына ошондуктан мен сенин жаныӊда болом жана сенин айыгууӊа жардам берүүнү каалайм, муну эсиӊден чыгарба. Сен мага ишенсеӊ болот, Энн. — Мага да ишенсеӊ болот, — деди Хэзер, алардын сөзүн бөлүп. Анан Джинни саатты карап: — Биз барышыбыз керек: топтогу оюндардын убактысы болуп калды. Эгерде силер кааласаӊар, эртеӊ да ушул эле жерде жолугалы. Биз дагы бир нече аспектилер жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек, — деди. — Мен каалайм, — деди Энн чечкиндүү. Хэзер да макул болду. Кетээр алдында Джинни Энндин айыгуусу үчүн сыйынды. Ошол күнү бою Энн өзүн мурункудан бактылуураак сезип, кубанып жүрдү. Ал өзүнүн жашоосундагы эӊ караӊгы барагын ачкан кезде, ал үчүн эӊ кымбат болгон эки адам аны дагы деле сүйүп турушту. Эми Энн жашоосунда жаӊы бөлүм башталганын сезип турду. Ой жүгүртүү убактысы Энн Кассидиге таятасы жасаган мамиле азыркы учурда таӊ калыштуу эмес экендиги өкүнүчтүү. Статистика көрсөткөндөй, АКШда ар эки мүнөт сайын жаш балдар сексуалдык зомбулукка кабылышат. Болжол менен, он сегиз жашка чейинки ар бир үчүнчү аял жана ар бир жетинчи эркек сексуалдык зомбулукка туш болушат. Жаш балдарга жана өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык зомбулук көп адамдарга билинбейт, бирок күнөөлүү сезимден, жан дүйнөсүндөгү жарааттарынан, уялуудан кыйналган Энн жана ага окшогон башкалар үчүн бул өтө оор. Балким, сиз да ушундай зомбулукка кабылгандырсыз, ошондуктан ушул китепти окуп жатасыз. Келиӊиз, «сексуалдык зомбулук» деген терминди аныктап алалы. Бул терминдин мааниси — чоӊ адамдын жаш балага карата, андан сексуалдык канааттанууну алуу максатында жасалган иш-аракети же аны менен маектешүүсү дегенди билдирет. Эгерде тагыраак айта турган болсок, бала кезиӊизде же өспүрүм кезиӊизде сиз менен төмөндө жазылган нерселер болгон болсо, анда сиз сексуалдык зомбулукка кабылгансыз: Чоӊ адам сизге өзүнүн жыныс мүчөлөрүн көрсөткөн. Чоӊ адам сиздин дениӊизди көрүш үчүн жана кармалаш үчүн кийимиӊизди чечүүнү сураган. Чоӊ адам сиздин жыныс мүчөӊүзгө оозу менен тийген же сизди анын жыныс мүчөсүнө тийүүгө мажбурлаган. Чоӊ адам сизди мастурбация кылууга же анын мастурбация кылганын карап турууга мажбурлаган. Чоӊ адам сиздин жыныс мүчөӊүзгө же көтөн тешигиӊизге өзүнүн манжаларын, жыныс мүчөсүн же дагы башка нерсени салган. Чоӊ адам сизди аны менен жыныстык жакындашууга мажбурлаган. Чоӊ адам сизди порнографиялык материалдарды жасоо үчүн колдонгон. Кудай бузукулукту жана сексуалдык зомбулукту жек көрөт. Ал жыныстык жакындашууну үй-бүлөдөгү аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы сүйүүнү бири-бирине көрсөтүшү үчүн жараткан (Башт. 2:24; Эвр. 13:4). Ушул чектен чыккан кандай гана жыныстык катнаш болбосун, ал Кудайдын мыйзамын жана эркин бузуу дегенди билдирет. Мунун ичине чоӊ адамдар өздөрүнүн сексуалдык канааттануусу үчүн жаш балдарды колдонуусу да кирет. Алар өздөрүн ар түрдүү «күнөөсүз» себептер менен акташы мүмкүн, бирок баары бир бул кылмыш боюнча калат. Сексуалдык зомбулуктар сиздин секс жөнүндөгү жана анын Кудай койгон максаты жөнүндөгү түшүнүгүӊүздү бурмалайт. Бурмаланган түшүнүгүӊүз сиздин эмоционалдык, социалдык жана жыныстык жетилүүӊүздүн процессин бузат. Алар чыныгы сүйүүнүн — адамдык жана Кудайлык табиятын туура түшүнүүӊүзгө тоскоолдук кылат. Алар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган сиздин инсандыгыӊызды тебелеп-тепсейт. Эгерде сиз сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан болсоӊуз, анда сиз эмоционалдык жактан жана балким, денелик жактан да жаракат алгансыз. Жаш балдарга жана өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулуктун кесепеттери кандай? Төмөндө мунун негизги кесепеттеринин тизмеси берилген, балким, алардын кээ бирлери сизге тааныш болуп чыгар. Денелик жактан ооруу же жаракат алуу. Энндин таятасынын сексуалдык зомбулугу ага эч кандай денелик зыян келтирген эмес. Бирок көптөгөн жаш балдар менен мындай болбойт. Кээде мындай зомбулукка туш болгон балдар СПИД же жыныс жолу менен жуккан дагы башка ооруларды жуктуруп алышат, же болбосо жатыны, же көтөн тешиги айрылып кеткендиктен оор жаракаттарды алышат. Кээ бир оорулар айыкпайт жана өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Кош бойлуулук. Кээ бир кыздардын боюна бүтүп, алар төрөшү мүмкүн. Бул алардын жашоосун мурункудан да бузат. Жалган күнөөнү сезүү. Эмне үчүн Энн таятасынын ага көрсөткөн зомбулугунда өзүн күнөөлүү деп ойлогон? Көпчүлүк балдар чоӊ адамдарды идеалдуу жана адилеттүү деп эсептешет. Чоӊ адам ага кандайдыр бир зыян келтирсе, анын ичинде сексуалдык зомбулук да бар, анда бала мындай мамилеге татыктуумун деп ойлоп калышы мүмкүн. Ал эми кээ бир балдар чоӊдор аларга жаман мамиле жасап жатышканын билишет, бирок муну токтотуу үчүн эч нерсе жасай алышпайт. Уялуу. Бул сезим өзүн күнөөлөгөн сезимге окшош. Мындай сезимди сиз өзүӊүз каалабасаӊыз да, сексуалдык зомбулукка катышканыӊыз үчүн сезишиӊиз мүмкүн. Мында сиздин күнөөӊүз жок болсо да, сизге карата ушундай зомбулук жасалганы үчүн, сиз өзүӊүздү ыпылас, бузулган жана күнөөкөр сезишиӊиз мүмкүн. Алсыздык. Энн таятасы тараптан сексуалдык зомбулукка туш болгондо, ал таятасы экөө гана билген «сырдуу оюндун» капканына түшкөндөй сезген. Ал мунун туура эмес экендигин билсе да, баары бир бул жөнүндө эч кимге айта алган эмес. Балким, сизди коркуткандыр, жакшы сөздөр же иштер менен жоошутуп, сизди ооз ачпай турган кылып көндүргөндүр. Ошондой эле, сиз кимдир бирөөгө бул тууралуу айтып берүүгө аракет жасаган кезде, сизге ишенбей же таптакыр эле сизге көӊүл бурбай коюшкандыр. Ушул себептен улам сиз өзүӊүздү алсыз сезесиз. Өзүн-өзү төмөн баалоо. Зордуктаган адамдардын мамилесинен жабыр тарткан адамдардын көбү аларды эч ким сүйбөйт жана сүйүүгө татыксызбыз деп сезишет. Аларды Кудай, досу же курбусу, ата-энеси же өмүрлүк жары сүйө турганына ишенүү алар үчүн өтө кыйын. Өзүн-өзү төмөн баалоо эмоционалдык жана денелик жаракаттарга алып келип, өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлорго да түртүшү мүмкүн. Зордук-зомбулуктун кайрадан кайталанышы. Сексуалдык зомбулукка кабылган адамдардын көбү кайрадан зомбулукка туш болушу мүмкүн. Себеби алар өздөрүнүн баалуулугун биринчи жолу зордукталганда эле жоготуп койгондуктан, ушундай зомбулукка өздөрүн татыктуубуз деп ишене башташат. Сексуалдык зомбулуктардын дагы башка кесепеттери бар: курчап турган адамдарга карата каардануу, адамдарга ишенбестик, башкалар менен мамиле түзүүнү билбөө, өзүн карабай калуу, үйдөн качуу, тартипти бузууга умтулуу (мисалы, сойкулукка баруу), депрессия, ачуулануу, коркунуч, тынчсыздануу, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо. Зомбулукка кабылган адам катары, сиз кандайдыр бир эмоционалдык туруксуздукту сезесиз. Мындан айыгуу үчүн сизге башка адамдардын жардамы керек болот. Эгерде сиз да, Энн сыяктуу, сиз менен болгон окуяны жашырып, эч кимге айтпай жана эч кандай жардамды издебеген болсоӊуз, анда азыр бул жөнүндө айтууга жана жардам сурап кайрылууга убакыт келди. Энн билгендей эле, зомбулук көрсөтүлгөн убакты эске салуу өтө оор жана кыйын болот. Энндин окуясынын биринчи бөлүмүндө, биздин көӊүлүбүздү бурган эки маанилүү учур бар. Бул учурлар башыбыздан өткөн оор окуянын кыйындыгын көтөрүүгө жардам бере алат. Биринчиден, сизди көп түрдүү эмоциялар толтурушу мүмкүн. Энн сыяктуу эле, сизде да күнөөлүү сезим, уялуу жана ачуулануу болушу мүмкүн. Сиз мурда ыйлап көрбөгөндөй ыйлайсыз. Ошондой эле, эмоционалдык боштукту да сезесиз. Сиз ошол абалыӊызга, сизди зордуктаган адамга жана сиздин оюӊузча сизди коргошу керек болгон адамдарга (ата-энеӊизге, улуу байкеӊизге же эжеӊизге), керек болсо, ушул нерсеге жол берген Кудайга да ачууланышыӊыз мүмкүн. Бирок бул сезимдер кадимки жана табигый сезимдер экендигин билиӊиз. Анткени Кудай сизди ушундай кылып жаратып койгон. Сиздин эмоцияларыӊыз — ички жан дүйнөӊүздүн ооругандыгын сыртка чыгарып турган клапанга окшош. Бул эмоцияларды түшүнүү жана аларды башкара билүү абдан маанилүү. Анткени эмоцияларды чыгаруунун пайдалуу ыкмасы менен биргеликте, сизге зыян келтирген ыкмалары да болушу мүмкүн. Джинни Эннге берген эӊ эле жөнөкөй кеӊеш туура болгон: кайгыны ичине жашырбастан, анын сыртка чыгышына жол берүү. Ошондой эле, ал Энндин жанында болуп, аны менен чогуу ыйлаган. Ушундай мамиле Ыйсанын: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мат.5:4) деген сөздөрүн чагылдырып турат. Ыйлоо — бул процесс, ал аркылуу жан дүйнөнүн ооруганы сыртка чыгат. Башка адамдар сиздин кайгыӊыз менен азабыӊызды бөлүшүп, сиз менен чогуу ыйлашы үчүн, аларга өзүӊүздү ачып бересиз. Мына ушундай жол менен Кудай сизди баталагысы келет жана сизди коштоп жүргөн оор сезимдерден жүрөгүӊүздү айыктырууну каалайт. Сизди толтуруп жаткан ар кандай эмоцияларды сезе билүү — өтө маанилүү жана пайдалуу боло алат. Экинчиден, сиз сексуалдык зомбулуктун кесепеттери жана жарааттары менен күрөшүп жаткан мезгилде, сиз муктаж болгон эӊ эле чоӊ нерсе — бул сооронуч. Мына ушул үчүн Джинни Шоу жана Хэзер Уэллс Эннди кучактап, аны менен чогуу ыйлашты. Биздин жан дүйнөбүз ооруп, азап тартып жаткан кезде, биздин кайгыбызды теӊ бөлүшкөн адамдардын жаныбызда болгону биз үчүн чоӊ сооронуч. Кудай бизге сооронучту жакындарыбыз аркылуу жөнөтөт. Элчи Пабыл жазгандай: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (2 Кор.1:4). Сооротуу деген эмне? Алгач, ал эмне эмес экендигин билип алганыбыз пайдалуу болоттур. Сооротуу — бул бекем жана кайраттуу болууга чакырык эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдардын жашоосунда көйгөйлөр боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасоо эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып тургандыгы жөнүндөгү туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы убактысы келгенде пайдалуу болушу мүмкүн, бирок булар биздин сооронууга болгон муктаждыктарыбызды толтура албайт. Адамдар биздин оор абалыбызды сезип жана биз менен кошо кайгыруусу аркылуу бизди соорото алышат. Ыйса Өзү да досу Лазар өлгөндө сооротуу кызматын көрсөтүп берген (Жкн.11 бөлүмдү караӊыз). Ыйса Лазардын карындаштары Марта менен Мариянын үйүнө келгенде, алар менен чогуу ыйлаган (33–34‑аяттарды караӊыз). Андан кийин гана Ал Өзүнүн ажайыбын — Лазарды өлгөндөн тирилтүүсү аркылуу көрсөткөн (38–44-аяттарды караӊыз). Эмне үчүн Ыйса кайгыдан азап тартып жаткан Марта менен Марияга: «Ыйлаштын кереги жок, Лазар жакында тирилет» деп айткан эмес? Анткени ошол учурда алар кайгысын теӊ бөлүшкөн адамга муктаж болуп турушкан. Ыйса алардын кайгысы менен көз жашын теӊ бөлүшүп, алардын муктаждыгын толтуруп берген. Андан кийин гана Ал керемет жасап, алардын кайгысын кубанычка айланткан. Биз кыйналып жатканда жалгыз эмес экенибизди билишибиз керек, ошондо гана биз соороно алабыз. Пабыл элчи да бизди: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) — деп үйрөткөн. Сиз кайгырып жаткан учурда, адамдар сизди кайраттуу болууга чакырып же болуп жаткан окуянын себептерин түшүндүрүүгө аракет кылуу менен сизди сооротушат. Бирок алар чыныгы сооротуу деген эмне экендигин билбеши мүмкүн. Ошондо жаныӊызда сиз муктаж болгон сооротууну бере алган, Джинни жана Хэзерге окшогон адамдар бар экендигине үмүттөнүү керек. Сиз менен чогуу кайгырып, кыйналып жана керек болсо, чогуу ыйлаган адам аркылуу, сиз Кудайдын кам көрүүсүн сезе аласыз. Джинни жана Хэзер — оор абалга туш болгон адамды соорото алган, чыныгы сооротуучунун жакшы үлгүлөрү. Ал эми Энн Кассиди сексуалдык зомбулуктун кесепетинен пайда болгон жарааттардан айыгуунун ичинде дагы башка көптөгөн аспектилер кире турганын азыр билет. ЭННДИН ОКУЯСЫ — Энн, биздин кечээги сүйлөшүүдөн кийин, өзүӊдү кандай сезип калдыӊ? — деп сурады Джинни. Ал Энн менен Хэзердин тушундагы керебетте отурду. Алар менен чогуу болгон кыздар азыр суу лыжасын тээп, көӊүл ачып жүрүшкөн. — Менде түрдүү сезимдер болду, — деп жооп берди Энн. — Кээде гана, күтүүсүздөн, жагымсыз учурлары эсиме түшө калып, менде — билесиӊ го, баягы, ыпылас, коркунуч жана уялуу сезимдер болуп жатты. Бирок башка жагынан, кечээги сүйлөшкөнүбүздү эстегенде, менин башымдан өткөн окуяны башка адамдын билгендиги мага кубаныч берип турду. Мен жагымсыз эскерүүлөрдөн алаксып, жакшы нерселер жөнүндө ойлогонго аракет жасадым. Бир-эки жолу ыйлагым келгенде, мен кубанычтуу нерселер жөнүндө ойлогонго аракет кылдым. — Сени кыйнаган эскерүүлөрдөн дароо эле кутулууга аракет жасаба, — деди эркелете Джинни. — Сен азыр жасаган нерсенин эӊ зыяны — бул сенин башыӊдан өткөн окуядан баш тартып же ал жөнүндө унутууга жасаган аракетиӊ, же болбосо ичиӊдеги эмоцияларды сыртка чыгарбай, аларды басууга жасаган аракетиӊ. Ал эми пайдалуусу — бул болгон иштин көзүнө тике карап, аны кабыл алып, сезимдериӊди сыртка чыгарып жана башкалардан жардам кабыл алууӊ. Менимче, эгерде сенин ата-энеӊ каршы болбосо, сен машаякчы жакшы жан сооротуучу менен сүйлөшсөӊ жакшы болмок… Бул сөздөрдү укканда Эннди ток ургандай болду. — Менин ата-энемби?! Бул жөнүндө ата-энеме айтып бербейсиӊ да, чынбы? Джинни анын колун жылуу кармап: — Бул сен үчүн оор болушу мүмкүн, бирок болгондун бардыгын ата-энеӊе айтып беришиӊ керек. Бул сенин жарааттарыӊдан айыгууӊа жардам берет, — деди. — Бирок менин апама бул канчалык оор тиерин билесиӊби? Таятам — анын атасы да. — Балким ага да сооротуу, колдоо жана кубаттоо керек болоттур, — деп түшүндүрдү Джинни. — Бирок ал сени жакшы көрөт жана ал үчүн канчалык оор болбосун, сенин бул нерседен чыгууӊа жардам берүүнү каалайт. Энн ушунчалык толкунданып жатты. — Мен бул тууралуу ата-энеме кантип айтып берем? — Бул жөнүндө ишемби күнү, үйгө кайтаарыбызда дагы сүйлөшөбүз. Кааласаӊ мен сени менен барайын, — деп ишендирди Джинни. — Эгерде сага жардам керек болсо, мен да барам, — деди Хэзер. Энндин толкундануусу жоголгон жок, бирок бир аз азая түшкөндөй болду. — Силер чын эле мени менен бара аласыӊарбы? — Мен сага жардам берем, — деди Джинни. — Сен ушундай оор абалда жалгыз болушуӊуду каалабайм, — деп кошумчалады Хэзер. — Эгерде сен менин барышымды кааласаӊ, анда мен сени менен барам. Бул сөздөрдү укканда Энндин көзү жашка толо туштү. — Муну кылуу мен үчүн оӊой эмес, бирок мен жардамыӊарды кабыл алам, — деди ал. Хэзер курбусун бекем кучактады. Андан кийин Джинни: — Энн, сенин көйгөйлөрүӊдүн чечилиши үчүн эӊ маанилүү каражатты колдонушуӊ керек. Бул каражат — Кудай Өзү. Мен сенин муну билишиӊди каалайм: сен сексуалдык зомбулукка кабылгандыгыӊ үчүн, Кудай сени татыксыз деп эсептебейт. Себеби мында сенин күнөөӊ жок экенин Ал билет. Сен таятаӊдын сага жасаган мамилесинен улам Кудайдын каарына калган жоксуӊ жана Ал сенден баш тарткан жок. Кудай сага кандай сезим менен карай турганын билишиӊди каалайм. Келгиле, азыр Ыйык Жазууну алалы, — деди. Энн менен Хэзер Ыйык Жазууларын алып чыгышты, анан Джинни аларга бирден аят берди. — Энн, сенин аятыӊда Кудай сенин кайгыӊа кандай көз карашта экени айтылган. Ышайа китебинин алтымыш үчүнчү бөлүмүнүн тогузунчу аятын окуп берчи, сураныч. Энн үнүн чыгарып окуй баштады: — «Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теӊир аларды таштаган жок; Теӊир аларды Өзүнүн сүйүүсү менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдү». — Кудай Өзүнүн балдарынын башына кыйынчылык түшкөндө эмне кылат экен? — деп сурады Джинни. — Ал да кошо кайгырат экен, — деди Энн. — Демек, Энн, сенин башыӊдан ушундай оор кыйынчылык өткөндө Ал Өзүн кандай сезди? — Мен кайгырып, кыйналган элем. Ошондуктан Ал да мени менен чогуу кайгырган жана кыйналган экен деп ойлойм. Джинни Эннге ийилип: — Анда сен өзүӊдү азыр кандай сезип жатасыӊ? — деп сурады. Энн бир аз ойлонуп туруп: — Эгерде Ал мен кыйналган кезде, мени менен чогуу кыйналса, анда мен Ал үчүн баалуу экенимди сезип жатам. Демек, Ал мени менен эмне болуп жатканын билет турбайбы жана мени сүйөт экен да, — деп жооп берди. — Ооба, туура айтасыӊ. Энн, Ал сен жөнүндө баарын билет. Анан таятаӊдын көп жылдар бою жасаган мамилеси сага канчалык жараат алып келгенин Ал билет. Ошондуктан сен кыйналган кезде, Ал да кыйналган. Бул аят Кудайдын сага болгон сүйүүсүн эстеп жүрүүӊө жардам берет. — Менин аятым да үмүт бере турган аят экен, — деди Хэзер. Джинни башын ийкеп: — Хэзер, Матай жазган Жакшы Кабардын он биринчи бөлүмүнүн жыйырыма сегизинчи аятын окуп берчи. — «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыӊар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем». Джинни Эннди карады да: — Көп жылдар бою ушул жагымсыз сырды катып жүрүп, сен өзүӊдү чарчап-чаалыккандай жана түйшүк тартып жаткандай сезип жатасыӊбы? — деп сурады. — Ооба, так ошондой. — Анда Ыйса азыр сага эмнени сунуштап жатат экен? Энн Хэзердин колундагы Ыйык Жазууну карады да, андан кийин кайрадан Джиннини карап: — Тынчтыкты, — деди билинер-билинбес жылмая. — Энн, сен көӊүл бурушуӊ керек болгон дагы бир жер бар. Бул Эврейлерге жазылган Каттын төртүнчү бөлүмүнүн он бешинчи жана он алтынчы аяттары. Бул сөздөрдү угаар замат, Хэзер окуп берүүгө шашылды, ал эми Энн болсо өзүнүн Ыйык Жазуусун карап отурду. — «Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес. Биздин ушундай башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар. Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы». — Кудай менин кайгымды эле бөлүшпөстөн жана мага тынчтык берип эле тим болбостон, Ал мага жардам бергиси келет экен, — деди Энн. — Ооба, Энн, муну түшүнүү абдан маанилүү, — деди Джинни. — Сен ушул оор жагдайдан өтө алышыӊ үчүн Кудай сага жардам берүүнү каалайт. Ошондуктан сен өзүӊдүн сезимдериӊди башкара билүүӊ үчүн, сага керек болгон нерсе — бул Кудай менен тыгыз мамиледе болуп, Анын күчү менен жардамын алуу менен Ага таянууӊ керек. Муну укканда Энн башын ылдый салып: — Менин алсыздыгым ушунда. Ошондуктан мен сыйынуу менен Ыйык Жазууну окуу үчүн көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек экендигин билип турам, — деди. — Туптуура, Энн, — деди Джинни. — Бул сага жардам берет. Андан соӊ үчөө, алар качан жана кантип Энндин ата-энесине анын окуясын айтып берүү жөнүндө талкуулашты. Джинни менен Хэзер ага жардам берет экендигин дагы бир жолу эскертишти. Муну укканда Энн бир аз эс ала түштү, бирок ата-энеси бул суук кабарды кандай кабыл алары жөнүндө, өзгөчө апасы кандай болору жөнүндө тынчсызданганы токтогон жок. Энн бардыгы ушу менен эле бүтүп калышын абдан каалап жатты, себеби ал сүйүктүү курбулары менен өзүнүн коркунучтуу сырын бөлүшкөндөн кийин өзүн кыйла жеӊил сезип калган болчу. Эмне үчүн ал өзүнүн жарааттарынан азыр эле айыгып кала албайт? Джинни бул узак убакытты талап кыларын айткан жана ал туура нерсени айтып жатканын Энн билип турду. Кантсе да, бир жериӊ сынып же операция жасалгандан кийин деле, кайра калыбыӊа келүү үчүн убакыт керек эмеспи, анда эмнеге жан дүйнөӊдүн айыгуусу башкача болмок эле? Бирок бул абалдан ал жалгыз өтпөй тургандыгынын өзү да жакшы кабар. Бул үчүн ал Джинни менен Хэзерге көпкө чейин ыраазы болот. Ой жүгүртүү убактысы Энн сыяктуу, сексуалдык зомбулукка кабылган адамдардын тереӊ кайгыга батып, кыйналып жүргөндүгү таӊ калыштуу деле көрүнүш эмес. Анткени алар бала кезинде денелик жактан, эмоционалдык жактан жана психикалык жактан жабыр тартышат. Ошондуктан азыр алардын мурунку жарааттары кайрадан ачылып жатканда, өз денесинин кол тийбестик укугунан ажырап калгандыгы үчүн алар тереӊ өкүнүчкө батып кыйналышат. Мындай кайгыруу бир нече жумадан бир нече айга чейин созулушу мүмкүн жана көзгө байкала турган беш стадияны өзүндө камтыйт. Бул стадиялардан ар бир адам ар кандай түрдө өтөт: стадиялар биринин артынан бири келип жана кайрадан кайталанышы да мүмкүн. Бирок сиздин башыӊыздан өткөн мындай абалга карата сиздин мамилеӊиз Энндикине окшош болот деген ойдобуз. Биринчи стадия — бул баш тартуу. Кээде сиз ушундай абалга туш болуп калганыӊызга ишенүүдөн баш тартып жатканыӊызды байкайсыз. Сиз болгон окуяны сыр кылып жашырып жүрө бергендиктен, бул стадиянын ичинде сиз көп жылдар бою калышыӊыз мүмкүн. Энндин да ушундай баш тартуу реакциясы көп жылдарга созулган, себеби ал таятасынын ага жасаган кылмышын кимдир бирөөгө айтуудан баш тартып жүрө берген. Сиздин башыӊызга түшкөн оор абалдан, мээӊиз: «Жок, мындай болушу мүмкүн эмес», — деп өзүн коргоого аракет жасайт. Бул да өзүн коргоонун бир ыкмасы. Экинчи стадия — бул ачуулануу же каардануу. Ушундай жагдайларда дайыма: «эмне себептен ушундай болду?» деген суроону өзүӊүзгө берүү менен, сиз тез эле ачуулана баштаганыӊызды байкайсыз, себеби бул суроого ылайыктуу жана туура жооп таба албайсыз. Себеби сизди зордукташкан жана шерменде кылышкан, мунун бардыгын адилетсиздик деп эсептейсиз. Сиз Энндин окуясындай, таятасы жана таенеси менен калууга мажбур кылган жана ушул каргашалуу окуяга алып келген шарттарга ачуланышыӊыз мүмкүн. Ошондой эле сиз Кудайга да, ушунун бардыгына жол бергендиги үчүн ачууланышыӊыз мүмкүн. Керек болсо, сиз өзүӊүзгө да ачууланасыз, себеби болуп жаткан нерсеге сиздин да кандайдыр бир күнөөӊүз бар деп ойлойсуз. Үчүнчү стадия — бул Кудай менен келишим түзүүгө аракет жасоо. Кудайдан болуп жаткан абалды өзгөртүп берүүсүн суранасыз. Эгерде Кудай сиздин эсиӊизде калган оор эскерүүлөрдү жана жарааттарды жок кылып койсо, анда сиз жашооӊузду өзгөртүүгө убада берип, Аны менен келишим түзүп жатканыӊызды да байкай аласыз. Кудай менен келишим түзүүгө болгон аракетиӊизде, сиз болгон шарттарды өзгөртүүнү жана өзүӊүздүн кетирген катачылыктарыӊызды оӊдоо мүмкүнчүлүгүн мотив катары колдонушуӊуз мүмкүн. Кийинки стадия — бул депрессия. Депрессия сиз өткөндү өзгөртө албай турганыӊызды түшүнгөндө башталышы мүмкүн. Бул — үмүтсүздүк жана азап тартуу сезимдеринин сиздин ички дүйнөӊүздү басмырлоосу. Депрессия коркунуч менен, өзүнө ишенбестик жана мындан ары ошол сизди зордуктаган адам менен кайрадан көрүшүп калсаӊыз кандай болору жөнүндө тынчсыздануу менен коштолот. Депрессиянын дагы бир аспектиси — жалгыздык. Сиз өзүӊүздүн кайгыӊыздан улам, бардыгын ичиӊизге жашырып, түнт жана жабык адамга айланып, сизге жардам бере алган адамдардын жардамынан айрылып калышыӊыз мүмкүн. Акыркы стадия — бул кабыл алуу. Убакыт өткөн сайын, жогоруда айтылган стадиялар азая баштаганда, сиз өзүӊүздүн абалыӊыздын реалдуулугун түшүнүп, анын артындагы натыйжалары менен кантип жашаш керектигин биле баштайсыз. Бул стадия сиздин жашооӊузда кеӊири орун алып калган күндө да, сизде ачуулануу, баш тартуу жана депрессия болушу толук ыктымал. Бирок эгерде бул кайгылуу тажырыйбаӊыз сизге жакшылык алып келиши үчүн, ичиӊизде Кудай иштеп жаткан болсо, анда бул сезимдердин сизге тийгизген зыяндуулугу минималдуу болот (Рим. 8:28 караӊыз). Машаякчы жан сооротуучулар да бул беш стадия — зомбулукка кабылган адамдын нормалдуу жана кадимки реакциялары экендигине толук кошулушат. Кээ бир учурда ушул беш стадиядан өтүүгө бир нече апта өтүшү керек. Бул учурда сиздеги кээ бир эмоциялар же ойлор, тынчыӊызды алып, сизди буга чейин болуп көрбөгөндөй кыйнашы мүмкүн, же болбосо кээ бир эмоциялар сизге таптакыр өөн сезилиши мүмкүн. Ушул себептен улам, сизде: «Мени менен бир нерсе туура эмес болуп жатабы?» деген ойлор жана шектенүүлөр да пайда болот. Бирок андай эмес. Бул — жашооӊузда боло турган эӊ эле кайгылуу абалга карата сиздин мамилеӊиздин кадимки эле көрүнүшү, буга таӊ калыштын же коркуунун эч кажети жок. Сизге карата жасалган сексуалдык зомбулуктун натыйжалары менен күрөшүүнүн эӊ эле мыкты жардамчысы — бул убакыт. «Убакыт баарын айыктырат» деген эски макалда бир кичинекей чындык бар. Кырсыктын натыйжаларын көтөрүп кетүү үчүн, сизге убакыт талап кылынарын билиӊиз. Сизди толтуруп жаткан сезимдер менен ойлордун баш аламандыгын ирээттеп алыш үчүн, сизге убакыт керек. Ошондой эле булар тууралуу тажырыйбалуу машаякчы достор жана жетекчилер менен сүйлөшүү үчүн да убакыт керек. Бир нече жума өткөндөн кийин гана, сиздин кайгыӊыз акырындык менен азайып, кадимки жашоого кайтып келе аласыз. Убакыт сизге иштеп берүүсүнө жол бериӊиз жана оору менен кайгы бат эле кетип калат деп күтпөӊүз. Энн таятасынын ага карата жасаган мамилесин ачык айтып бергенде, Хэзер менен Джинни ага сооронучту бере алышкан. Бирок ал сооронучтан да көбүрөөк нерсеге муктаж эле. Сиз да буга муктажсыз. Мында дагы эки маанилүү элемент бар. Биринчиден, сиз колдоого муктажсыз. Колдоо менен сооротуунун ортосунда кандай айырмачылык бар? Адамдар сиздин кайгыӊызды эмоционалдык жактан теӊ бөлүшкөнү аркылуу сизди сооротушат, ал эми сизге иш жүзүндө жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтө алышат. Сиз: «Бири-бириӊердин кыйынчылыгыӊарды көтөргүлө, ошентип, Машаяктын мыйзамын аткарасыӊар» (Гал. 6:2) деген осуятты аткарган адамдардын жардамына муктажсыз. Мисалы, Джинни Эннди кайгысында сооротуп, ал эми Хэзер — анын ата-энеси менен чогуу сүйлөшүүсүндө жанында болорун убада кылып, аны колдой алышкан. Сиз өзүӊүздүн айыгууӊузга болгон көӊүлүӊүздү бура алышыӊыз үчүн, сизге ар кандай күнүмдүк иштериӊизде да жардам берип, сиздин кайгыӊызды азайтууга карата жасалган мамиле аркылуу башкалардын колдоосун сезе аласыз. Сизге бирөө жардам берейин деген сунушту этибарыӊызга албай же андан таптакыр эле баш тартууну каалашыӊыз ыктымал. Сиз бардыгын өзүӊүз эле жасап кое алам деп эсептешиӊиз мүмкүн, же өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүз менен башка адамдардын тынчын алууну каалабайттырсыз. Бирок мындай кылбаӊыз. Сиздин жашооӊузда сиз башка адамдардын жардамына муктаж болгон күндөр болорун Кудай билет, ошондуктан Ыйык Жазуудагы Галаттыктарга жазылган катта (6:2) бул тууралуу сөздөр жазылган. Башка адамдар сизге жардам берүүсүнө жол бериӊиз жана алган жардамыӊыз үчүн ыраазы болуӊуз. Анткени сиздин башыӊызга кыйынчылык түшкөн мезгилде, Кудай бул жол аркылуу сиз үчүн кам көргөнүн көрсөтүп жатат. Сиз иш жүзүндөгү жардамга муктаж болуп жатасыз дейли, бирок эч ким сизге өз жардамын сунуштабай койсо кандай болот эле? Ошондуктан сураӊыз. Өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүздү жакын, ишенимдүү досуӊузга, жаштар кызматынын жетекчисине же жыйын кызматчысына айтып берип, алардан жардам сураӊыз. Жардам суроонун жаман жери жок. Мисалы, эгерде Джинни менен Хэзер Энн ата-энеси менен сүйлөшкөнүнө өз жардамдарын сунуш кылбаган учурда да, Энн алардан суранса болот эле. Көпчүлүк учурда адамдар жардам берүүнү каалашат, бирок эмне кылышты билишпейт. Сиз аларга кандай жардамга муктаж экендигиӊизди айтып берип, сизди колдоосуна көмөктөшүӊүз. Жана дагы, сиз кубатталууга муктажсыз. Сооротуу менен колдоо көрсөтүүдөн тышкары, сиз кубаттоого да муктажсыз. Кубаттоону сиз башка бирөө сиздин маанайыӊызды көтөрүүгө аракет кылып жаткандыгы аркылуу кабыл ала аласыз. Энндин курбулары анын ал-акыбалын сурап, аны кучактап, аны менен чогуу сыйынган учурларда анын көӊүлү көтөрүлө түшчү. Мындан ары да, бир нече жума же айлар ичинде, анын акыбалын сурап телефон чалышканда, «Кайраттуу бол, биз сени мененбиз» деген сыяктуу сөздөр жазылган каттар менен открыткаларды алган кезде да, ал башкалардын колдоосун сезе алат. Ушуга окшогон кубаттоолор, иш түрүндө жардам берүү сыяктуу эффективдүү болбосо да, абдан маанилүү. Дагы бир ирет кайталап кетмекчимин, эгерде муктаж болуп турганыӊызда, сизди эч ким кубаттабай жатса, анда сураӊыз. Сиз үчүн кам көрүп жаткан адамга: «Мени кучактачы» же «Менин жанымда болуп турчу» — деп сурануу кадимки эле көрүнүш. Джиннинин Эннге берген, Кудай анын жашоосунда иштейт деген кеӊеши сизге да тиешелүү. Кудай сизди айыптабайт жана башка адамдын сизге карата көрсөткөн зомбулугу үчүн сизге жаман мамиле жасабайт. Ал сизди сүйөт жана сиздин кайгыӊыз Аны да кайгыга салат. Кудай сизди аяйт жана сиздин кайгыӊызды жеӊилдетүүнү каалайт. Бул Анын колунан келет. Эгерде сиз күн сайын сыйынуу менен Ыйык Жазууну окууга убакыт бөлбөй жаткан болсоӊуз, анда азыр баштаӊыз. Ыйык Жазуу бизди: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт» (Жкп. 4:8) — деп чакырып жатат. Кудайга жакындоо менен Анын сизге жакындашынын бир ыкмасы — бул сыйынуу жана Анын Сөзү. Мисалы, күнүӊүздү забурларды окуудан баштаӊыз, андан соӊ ойлоруӊузду жана сезимдериӊизди Кудайга айтып бериӊиз. Андан күч сураӊыз. Ал сизге берет, себеби Ал сизди сүйөт жана сизге жардам берүүнү каалайт. Сексуалдык зомбулуктун кесепеттеринен айыгууга жасалган эӊ маанилүү кадам — бул ата-энеӊизге бул жөнүндө айтып берип, алардын жардамын алуу. Бул оӊой болбойт, бирок ата-энеӊизге айтып берүү менен сиз алардын сиздин айыгууӊузга жардам беришине жол бересиз. Энн да ушуну жакында билет. ЭННДИН ОКУЯСЫ Ишемби күнү кечинде Джинни Шоу Кассидилердин үй-бүлөсүнө келгенде, Энн аны атасы Джерри жана апасы Дороти менен тааныштырды. Хэзер Уэллс болсо бир аз эртерээк келгендиктен, ошол жерде болчу. Энн ата-энесине лагерде жүргөн кезде сүйлөшүп, ачыкка чыккан нерселер жөнүндө Джинни аларга айтып берүүнү каалай турганын гана айтты. — Биз лагерде абдан сонун убакыт өткөрдүк, — деп баштады Джинни. — Сиздердин кызыӊыздар менен жана башка кыздар менен сүйлөшүүдөн чыныгы ырахат алдым. Энн болсо ушунчалык сонун кыз экен, мен аны сиӊдимдей жакшы көрүп калдым. Джерри менен Дороти ушунчалык бактылуу болушкандыктан жүздөрү жаркырап турду. — Биз жайкы лагерди жыл сайын өткөрөбүз, — деп сөзүн улантты Джинни. — Жана ал жерде бир гана эс алуу жана көӊүл ачуудан сырткары, кыздар өздөрүнүн тынчсыздануулары жана көйгөйлөрү менен бөлүшүүгө да мүмкүнчүлүк берилет. Энн оор мүнөздүү өспүрүмдөрдүн катарына кирбейт, ошондуктан сиздер тынчсызданбай эле коюӊуздар. Бирок өткөн жумада ал Хэзер экөөбүзгө өзүнүн кичине кезинде болгон өтө оор окуясы менен бөлүшкөн эле. Анан мен аны бул жөнүндө силерге да айтып берүүгө көндүрдүм. Биз Хэзер экөөбүз азыр аны моралдык жактан колдоо үчүн бул жерге келдик. Кел эми, Энн. Энн кичине кезинде таятасы анын бөлмөсүнө кирген кезде, ал бир жакка качып, бекинип алууну каалаган сыяктуу эле, азыр да эч кимге көрүнбөй калууну каалап жатты. Ал ушунчалык толкунданып турду, бирок Джинни аны баарын айтып берүүгө көндүрдү. Анан ал тереӊ дем алды да: — Апа, ата, эсиӊердеби, силер мурда мени таятамдыкында дем алыш күндөрү калтырып койчу элеӊер го? — деп сурады. Джерри башын ийкеди, ал эми Дороти болсо: — Ооба, албетте. Таенеӊ менен таятаӊ сен алардын үйүнө келгениӊди аябай жакшы көрүшчү эле да. Бул таятаӊдын ооруп калганына чейин болгон. Сен ал кезде беш же алты жашта болчусуӊ, — деди. Энн сөзүн улантуу үчүн өзүн мажбурлап жатты. — Мен ал жерде жүргөндө, мени менен бир нерсе болгон. Бул бир нече жолу кайталанган эле жана бул жөнүндө мен эч кимге айткан эмесмин, — деди Энн, эрдин бекем тиштеп. — Таятам… мага … сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Муну укканда атасы да, апасы да эмне дээрин билбей, катып калышты. Алардын жүзү дароо өзгөрдү. — Эмне?! — деди атасы, уккан кулагына ишене албай. Энн болсо ата-энесине бардыгын ачык түшүндүрүп берүүсү керек деген Джиннинин сөзүн эстеп: — Үч жылга жакын мен алардын үйүнө барган сайын, таятам мага сексуалдык зомбулук көрсөтүп турган. Ал мага бул жөнүндө эч кимге айтпашым керек экенин буйруган болчу, — деди. Анан Энн апасын карады, анын жүзү көз жашы менен жуулуп жаткан эле. Оозун алаканы менен жаап алып: «О жок, жок» — деп кайталап жатты ал. Атасы болсо таштай катып калгандай сезилди — анын үрөйү учуп турганы байкалып турду. Энн болсо сөзүн улантып: — Мен бул жөнүндө эч качан эч кимге айткан эмес элем, себеби мен аябай уялчумун жана коркком. Бирок ошол мезгилден бери мени түнкүсүн коркунучтуу түштөр кыйнап келет. Лагерде да мен кайрадан ушул коркунучтуу түштү көрдүм. Ошондуктан бардыгын Хэзер менен Джинниге айтып берген болчумун. Анан Джинни бул жөнүндө силерге айтып беришим керектигин кеӊеш кылды. Бул канчалык кыйын болорун биз билип турдук, бирок баары бир силерге айтып беришим керек деп чечтик. Мунун баарынан өтүүгө мага силердин жадамыӊар керек, — деди. — Сен мурда эле мунун бардыгын айтып бербейт белеӊ, Энн, — деди атасы тереӊ кайгыруу менен. — Мен корктум, ата. Мында менин да күнөөм бар деп ойлочумун, ошондуктан эч кандай кыйынчылык жаратууну каалаган эмесмин. Анан да, таятам бул биздин кичинекей сырыбыз деп айткандыктан, мен ага ишенген элем. Бөлмөнүн ичин жымжырттык каптап калды. Энндин апасы акырын ыйлап жатты, атасы болсо башы маӊ болгондуктан, унчукпай отурду. Энн ата-энесинин кыйналып жатканын көрүп, көз жашын улам аарчып жатты. Хэзер менен Джинни болсо үн чыгарбастан, сыйынып турушту. Акырында, Джерри Кассиди ордунан туруп кызына жакын келип, анын алдына тизелеп турду да, көздөрүндө толо жаш менен: — Чырагым менин, мен сени менен ошол жерде болбогонум үчүн жана сени коргой албаганым үчүн кечирим сурайм. Сен мындай мамилеге татыктуу эмессиӊ жана бул сенин күнөөӊ эмес. Мен үчүн бул өтө оор болуп жатат, анткени мен сени аябай жакшы көрөм, — деди. Ал кызын кучактап, экөө чогуу ыйлап жатышты. Андан кийин аларга Дороти да кошулду. Джинни менен Хэзер да көздөрүнө жаш алышты. Бир нече мүнөттөн кийин Джинни ордунан туруп: — Менимче, силер көп нерсе жөнүндө сүйлөшүүӊөр керек, ошондуктан биз кетели. Мен Эннге силер чогуу жакшы жан сооротуучуга барышыӊарды кеӊеш кылган элем. Балким, биздин жыйыныбыздын жетекчиси О’Нейл мырза кимдир бирөөнү сунуштайттыр, — деди. — Бул абдан жакшы ой, — деп макул болду Джерри. Ал ордунан туруп, көз жашын бет аарчысы менен аарчыды. — Сиздерге да, Эннге да жүрөгүӊөрдүн жарааттарынан айыгуу үчүн, убакыт керек болот, — деди Джинни сөзүн улантып. — Силердин ар бириӊерге сооронуч, колдоо жана кубаттоо керек. Биз, Даг экөөбүз, колубуздан келишинче силерге жардам берүүгө даярбыз. Ал эми Энндин Хэзер аттуу эӊ сонун курбусу бар. Убакыт өткөн сайын, Кудай Эннди жана силерди ушул жаман окуянын кесепеттеринен айыктырып берерине мен тереӊ ишенем. Джинни үнүн чыгарып сыйынды, андан соӊ Хэзер экөө Кассидилердин үй-бүлөсү менен коштошушту. Алар кетип жатканда, Энн узатып чыкты да: — Мени менен чогуу келгениӊер үчүн рахмат. Силерсиз мен муну жасай алмак эмесмин, — деди. — Ушул коркунучтуу сырдан кутулуп алганыӊ жакшы болду, биз сен үчүн кубанып жатабыз, — деди Джинни. Хэзер жылмайып, Джиннинин сөзүнө кошулганын билгизип башын ийкеп койду. — Ойлоп көрсөӊ, — деди Энн. — Эгерде мен коркунучтуу түш көргөн ошол түнү Хэзер жанымда болбогондо мунун баары болбойт эле. Жана сени менен сүйлөшүү керек болгондо да, Джинни, сен жаныбызда болдуӊ. Силер менин жашоомдо бар болгонуӊар үчүн мен Кудайга ушунчалык ыраазымын. — Биз бири-бирибизге муктажбыз, — деп эскерте кетти Джинни. — Анткени башкалар аркылуу биз сооронуч, колдоо жана күч-кубат алышыбыз үчүн, Кудай бизди ушундай кылып жаратып койгон. Биз жалгыздыкта кыйналып өзүбүздү-өзүбүз айыктыруубузду Кудай каалабайт. Энн жылмайып койду да: — Анда мен биздин бир тууган болушубузду каалайм. Ошондо биз жалгыз болбойбуз, — деди. Алар чогуу каткырып күлүштү да, дагы бир жолу кучакташып коштошушту. Ой жүгүртүү убактысы Сиз туш болгон сексуалдык зомбулук жөнүндө ата-энеӊизге мүмкүн болушунча эртерээк айтканыӊыз жакшы болот, ошентүү менен сиз жарааттарыӊыздан айыгууга алардын колдоосу менен жардамын ала аласыз. А эгерде сексуалдык зомбулукту атаӊыз же энеӊиз жасаган болсо, анда жыйын кызматчысы же дагы башка ишеничтүү машаякчы менен сүйлөшүӊүз, ал сизге эмне кылуу керектигин кеӊеш кылат. Төмөндө ушул сүйлөшүүгө сизди даярдай турган бир нече кадамдар берилген. Сиз менен кимдир бирөө чогуу барышын каалайсызбы, чечип алыӊыз. Эннге анын насаатчысы Джинни Шоунун катышуусу менен кубаттоосу абдан жардам берди. Балким, сиз да ата-энеӊиз менен сүйлөшүүӊүзгө кимдир бирөө катышса, өзүӊүздү жакшыраак сезерсиз. Эгерде сиз өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүздү Джинниге окшогон кимдир бирөө менен бөлүшсөӊүз, балким, жыйыныӊыздагы жаштар насаатчысы, жакын курбуӊуз же жыйын кызматчысы сиз менен чогуу барып, ата-энеӊиз менен сүйлөшүүӊүзгө жардам бере алар. Сүйлөшүүнүн убактысын, колдон келишинче, эртерээк дайындаӊыз. Ата-энеӊиз жана насаатчыӊыз менен сүйлөшүүнү көпкө создуктурбаганга аракет кылыӊыз. Сиздерге эч нерсе тоскоол болбой, сөзүӊүздөрдү бөлбөй турган, тынч жерди жана жакшы убакытты белгилеӊиз. Сиз ата-энеӊизге: «Мен силер менен сүйлөшүүм керек, бул абдан маанилүү. Биз качан жана кайсы жерде отуруп сүйлөшө алабыз?»- деп баштасаӊыз болот. Чынчыл болуӊуз, бардыгын ачык айтыӊыз. Сөздү ток этер жеринен баштаӊыз. Же сиз өзүӊүз, же сиз менен чогуу келген «Джинни Шоу» сөздү сиз сексуалдык зомбулукка кабылганыӊыз жөнүндө ата-энеӊизге (же насаатчыӊызга) түз эле айтуусу керек. Маанисиз сөздөр менен шылтоолорду сүйлөбөстөн, тегеренип жүрө бербестен, сөздүн ток этер жерин айтыӊыз, болбосо сиздин сөздөрүӊүз угуп турган адам үчүн өтө оор болуп кетет. Алардан жардам сураӊыз. Аларга өзүӊүздүн сезимдериӊизди айтып бериӊиз. Алардан кеӊеш жана сыйынуу менен колдоп туруусун сураӊыз. Ошондой эле сизге жан сооротуучунун жардамы керекпи же жокпу, алар менен чогуу чечиӊиз. Эгерде сизге сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамдын көзү тирүү болсо, анда ал дагы башка бирөөгө зыян келтире электе, ата-энеӊизден же насаатчыӊыздан ал жөнүндө керектүү органдарга арыздануу үчүн жардам берүүсүн сураӊыз. Сүйлөшүүнү сыйынуу менен аяктаӊыз. Эгерде сиздин ата-энеӊиз машаякчы болсо, аларды сиз менен чогуу сыйынуусун сураныӊыз. Башыӊыздан өткөн зомбулуктун кесепеттеринен айыгып жаткан учурда, Кудайдын жетектөөсүн жана жардамын сурап сыйыныӊыз. Ата-энеӊиздин сезимдерин сыйлап, алардын кеӊешин угууга даяр экениӊизди көрсөтсөӊүз, алар келерки айларда сиздин ишенимдүү тирегиӊиз боло алышары шексиз. Сиздин эӊ жакын адамдарыӊыз сиз тарапта экенин билүү эмоционалдык жүгүӊүздүн бир кыйласын жеӊидетип кое алат. Энн өзүнүн коркунучтуу сырын ачыкка чыгаргандан бери төрт ай өттү, эми Энндин жашоосу кескин өзгөрдү. Анын уялчаактыгы менен тартынчаактыгынын ордуна өзүнө ишенгендик жана кайраттуулук орун алды. Андагы күнөөлүү жана уялуу сезимдер жоголуп, башка адамдар менен эркин мамилелешип эле калбастан, өз маалында Хэзер менен Джинни жардам бергендей, ал да башкалардын кыйынчылыктарында жардам бере баштады. Сиз да сексуалдык зомбулуктун айынан пайда болгон жарааттардан айыгып, Энн сыяктуу эркиндикке ээ боло аласыз. Бул үчүн сиз бир нече кадамдарды жасашыӊыз керек болот. 1. Сиз сексуалдык зомбулукка кабылганыӊызды факт катары кабыл алыӊыз. Сиз муну өзүӊүздүн мойнуӊузга алып, жакын досуӊузга же насаатчыӊызга эч нерсени жашырбастан же актанууга аракет кылбастан, бардыгын ачык айтып беришиӊиз керек. Сиз ушундай кылганда гана айыгуу процесси башталат. 2. Сексуалдык зомбулукту дароо токтотуӊуз. Эгерде сизге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү дагы деле токтой элек болсо, анда муну токтотуунун чарасын дароо көрүӊүз. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаӊыз, ал эми сизге муну жасоо кыйын болсо, анда өзүӊүздүн насаатчыӊызга же жыйын кызматчысына жардам сурап кайрылыӊыз. 3. Жоопкерчиликти алышы керек болгон адамга бардыгын жүктөӊүз. Башка адамдын сизге жасаган кылмышы үчүн өзүӊүздү айыптабаӊыз. Сизге сексуалдык зомбулук көрсөткөн адам канчалык өзүнүн күнөөсүн сизге жүктөөгө аракет кылбасын, ал жасаган кылмышы үчүн өзү жооптуу. Сиз жабырлануучусуз, мында сиздин эч кандай күнөөӊүз жок. 4. Сиздин айыгууӊуздун булагы болгон Кудайга кайрылыӊыз. Кудай сиздин башыӊызга түшкөн абалдын себепкери эмес экендигин кабыл алыӊыз. Ал — сиздин көйгөйүӊүздөн чыгуу жолу (Заб. 17:3–7, 27:31). 5. Тазалыгыӊызды жоготуп алгандыктан кайгыруу үчүн, өзүӊүзгө жол бериӊиз. Жакшы көргөн досуӊуз же эр жеткен насаатчыӊыз сиздин жоготууӊузду коштогон баш тартуу, ачуулануу, Кудай менен келишим түзүүгө аракет жасоо, депрессия жана кабыл алуу стадияларынан өтүүгө жардам бере алат. Ушул сезимдерден баш тартуунун ордуна, аларды кабыл алыӊыз, сиздин сүйгөн жана сиз үчүн кам көргөн адамдардын жардамы менен аларды сыртка чыгарыӊыз жана башкарууну үйрөнүӊүз. 6. Кудай менен жакын мамилеге умтулуӊуз. Күн сайын Кудай менен сүйлөшүп, Анын Ыйык Сөзүн окуӊуз. Анын күчүнө таянууну, Анын Сөзүнө толуп, үйрөнүүнү, зыяндуу ойлорго жана сезимдерге каршы турууну чечиӊиз жана бардык нерседе Машаякка окшош болууга умтулуӊуз. 7. Башка адамдардын жардамын издеӊиз. Сизди сүйгөн жана жардам берүүнү каалаган адамдардын курчоосунда: ата-энеӊиз, жаштар кызматынын насаатчысы, жакын досуӊуз, жан сооротуучуӊуз же сыйынуу тобу менен көбүрөөк убакыт өткөрүӊүз. 8. Айыгуу процесси үчүн убакыт талап кылынарын эсиӊизден чыгарбаӊыз. Сизге көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулуктун кесепеттеринен айыгуу өтө оор жана көптөгөн жумаларды же айларды талап кылышы мүмкүн. Бирок бул процесстен өтүүӊүздө жана толугу менен айыгууӊузда Теӊир сизге жардам берет. АВТОРЛОР ЖӨНҮНДӨ ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматынын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатында, Даллас шаарында жашашат. ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажырыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.